ПАРИЖ. “Чекарасыз репортерлор” уюму акыркы отчтенуда өткөн жылга ушундай баа берди. Отчетто өткөн жылы 42 журналист өлтүрүлгөн. Алардын көпчүлүгү Түндүк Африкада, Жакынкы Чыгышта иштеп жүрүшкөн. 40 журналист Иранда камакка алынган. Журналисттерге кысым көрсөткөн башка өлкөлөрдүн катарына уюм Белоруссияны, Казахстанды, Россияны, Түркмөнстанды жана Өзбекстанды кошкон.