БЕЛГРАД. Сербиянын мурдагы премьер министри Зоран Жинжичти өлтүрдү деп шектелген Милорад Лукович кечээ Белградда өзү колго түштү. Бул тууралуу Сербия ички иштер министри Драган Йосич маалымдады. Лукович коопсуздук кызматында иштеген, ошол эле учурда кылмыштуу топтун башында турган. Батышчыл реформатор Зоран Жинжич 2003-жылдын 12-мартында снайпер менен атып өлтүрүлгөн.