Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Улуттук университеттин Таластагы филиалындагы көз боемочулуктун түйүнүн чечүүгө укук коргоо органдары алсызбы?


ТАЛАС. Талас шаарында 1999-жылы илим кандидаты Кумар Ташматова Улуттук университеттин филиалын лицензиясы жок туруп эле ачып, студенттер эки жыл бою акча төлөп окуп келишкен. 2002-жылы 25-июнда өлкө президентинин жардыгы менен Талас университети түзүлгөндө, бул филиал анын курамына киргизилген. Жаңы университетке ректор болбой калган Ташматова студенттердин документтерин өткөрүп бербей, изин жашырып, иликтөө иши натыйжа бербей келет. Айлыгы жок иштеп келген окутуучулар ректордун жашаган дарегин таап беришти. Драма театрдын студенттердин акчасына сатылып алынган бүтпөгөн имараты, бир нече турак-үй, жабдуулар ректордун менчигине айланып кеткендиги белгилүү болду. Окутуучулардын айтымында, бирок, прокуратура менен сот ректор айымдын көз боемочулугун ашкере кыла албай жатат.

XS
SM
MD
LG