Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстанда адам саны өсүүдөбү же кемүүдөбү?


БИШКЕК.Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, өткөн жылы Кыргызстанда ар бир 1000 адамга карата 21 бала төрөлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2 балага жогору. Бирок, эки жашка чыккандан кийин чарчап калган балдардын саны азайган жери жок. 2003-жылы төрөлгөн 1000 баланын 3,5и эки жашка келгенде чарчаган. Ал эми ар бир 1000 адамга карата өлүмдүн көрсөткүчү 7,1 болду. Бул мурдагы жылдардагы көрсөткүч менен эле бирдей. Өлкөдө калктын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуу фактылары өсүп барат. Маселен, өткөн жылы бул оорудан каза болгондордун саны жалпы өлүмдүн 47,1 процентин түзгөн. Өткөн жылы энелердин өлүмү 9,1 процентке төмөндөгөн менен төрөттөн кийин каза болгон энелердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 15,3 процентке көп болгон. Мындан тышкары бойдон алдыргандан кийин каза болгон аялдардын саны өсүүдө. Маселен, Жалалабад областында алардын саны 3,5 эсеге көбөйгөн. Буга бойдон алдыруулардын 50 процентинин жашыруун жасалгандыгы түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG