Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

Алай районунун Будалык айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам берилүүдө


ОШ. Орусиянын Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев Алайдагы табигат кырсыгын сибирдиктер да кабырга кайышуу менен кабыл алышканын белгилеп, кайрат айтып, жардам катары 200 миң рубль жөнөткөндүгүн кабарлады. Ярославль облусунун губернатору Владимир Лисицин өз телеграммасында Алайдагы акча которо турган банк эсебин сураган. "Кызыл жарым ай" коому Будалыкка балдардын кийимдерин, матрац,төшөк, жаздык, жүзаарчыларды жеткирди. Эсептешүү сактык компаниясынын Гүлчөдөгү бөлүмүнө Кыргызстандын президенти Аскар Акаев убада кылган 5 млн. сом түштү. Президент убада кылган тез жардам автомашинасы да Будалыктагы медициналык мекемеге тапшырылды. Кырсык болгон жерге Апсамат Масалиев жетектеген депутаттар тобу да барып, жеке жардамдарын көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG