БАТКЕН. Ага катышуу үчүн Баткен облусунан облус губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков баштаган топ жөнөп кетти. Шадыбек Бакыбековдун маалыматы боюнча, кезектеги бул отурумда тараптар кыргыз-тажик чек арасын кайсы документтин негизинде аныктоо маселесин талкуулоону улантышат. Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бул отуруму 6-майга дейре созулат. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 1000 чакырымга жакын аралыкты түзөт.
3-майда Тажикстандын Ходжет шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды