БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкек, Токмок, Ош жана Өзгөн шаарларында окуган 1600 студент жыныстык жол менен жугуучу оорулардын деңгээлин аныктоо боюнча текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Билим берүү, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтери биргелешип чыгарган токтомго ылайык текшерүү жашыруун жана алдын-ала тандалбай туруп текшерүү ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Анын максаты жыныстык жана ийне саюу жолу менен таралуучу жугуштуу оорулардын жаштар арасында жайылышынын деңгээлин аныктоо жана СПИД дартынын алдын-алуу чараларын көрүү багыттарын тактоо. Текшерүүнү «СПИД» республикалык бирикмеси менен «Профилактикалык медицина» аттуу бейөкмөт уюму жүргүзүүдө. Текшерүүнүн негизинде маалымат топтолуп, студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу иш чаралары иштелип чыгат. Мындай маалымат бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинен алынды.