БИШКЕК. Май айындагы майрамдарга байланыштуу Кытай Кыргызстан менен чек арасын убактылуу жапты. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме жасап, «Кабар» маалымат агенттиги бүгүн кабарлады. Маалыматка караганда, коңшу мамлекет бир эле Кыргызстан менен эмес, чектеш бардык мамлекеттер менен чек арасын жапты жана анын 10-майда ачылышы күтүлүүдө.