Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Э.Узакбаев: «Энергетика тармагы коррупцияга баткан»


БИШКЕК. Кыргызстандын энергетика тармагында коррупция менен тамырланган бир катар структуралар бар жана алар жоюлмайынча тармак алдыга жылбайт. Мындай оюн бүгүн Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Эмил Узакбаев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, энергетика тармагында миллион гана эмес миллиардаган сомдор жокко чыгарылып, мамлекетке зыян келтирилүүдө жана ал муну агенттикке жетекчи болуп келген эки ай ичинде иликтеп чыккан. Андан тышкары агенттикке электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү сунушталганда ал калкынын 60 проценти жакыр элге каршы багытталган саясат болоорун билдирип, макул болбой койгон. Эмил Узакбаев интервьюда андан тышкары Энергетика агенттигине дайындалгандыгын кадр саясатындагы каталык деп эсептээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG