Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жалалабад облусунда Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Облакимиятта өткөн жолугушууда губернатор Жусупбек Шарипов журналисттерге окуяларды коомдун кызыкчылыгын эске алуу менен туура чагылдырууга жана жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырды. Ал эми калемгерлер айрыкча ички иштер, прокуратура кызматтарынан зарыл маалыматтарды өз убагында алуу мүмкүн эместигин жана облуста маалымат алуу эркиндигинин чектелип калгандыгын белгилешти. Сөз эркиндик күнүнүн тарыхы баяндалып, өзүнчө телеканал ачуу, чыныгы эркиндик үчүн күрөшүү, губернатордун алдында журналисттерди коргоо коомдук фондун уюштуруу жана алардын эмгек акыларын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG