Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Премьер-министр Тапио Саавалайненди кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайненди кабыл алды. Анда миссиянын 20-апрелден бери жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы жөнүндө жана эки тарап биргелешип аткарып жаткан үч жылдык программа боюнча кошумча меморандумду кабыл алуу тууралуу сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Тапио Саавалайнен өзү жетектеген миссиянын иши боюнча 4-майда «Хаят» мейманканасында маалымат жыйынын өткөрмөкчү.

XS
SM
MD
LG