Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Жинжичти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды


Сербиянын полициясы өлкөнүн мурдагы премьер-министри Зоран Жинжичтин өмүрүнө кол салууну уюштурган деп шектелген адам колго түштү деп билдирди.
Сербиянын коопсуздук кызматынын жетекчиси Мирослав Милошевич кечээ кечинде Белградда өткөн пресс-конференцияда мындай деп билдирди:

- Серб жумуриятынын ички иштер министрлиги бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9 ченде Зоран Жинжичти өлтүрүү үчүн күнөөлөнгөн Милорад Лукович серб полициясына багынып бергенин расмий түрдө жарыялады. Лукович азыр абакта отурат, тергөө улантылып жатат.

“Легия” деген ат менен белгилүү Лукович батышчыл премьер Жинжич ок жеп каза болгон былтыркы 12 марттан бери жашырынып жүргөн эле.
Лукович Француз легионунда кызмат өтөгөн, андан кийин Балкандагы согуш маалында Сербиянын аскерий кошуунун жана полициянын тандалма тобун жетектеп келген.
Милорад Лукович эмки жумадан тартып сотто суралышы мүмкүн. Сот Майя Ковачевичтин ырастоосунда, Луковичтин көрсөтмөлөрү Жинжичтин өлүмү боюнча 10-майда улантылуучу процесс маалында угулушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG