Түркиянын полициясы НАТОнун келээрки айда өтүүчү Стамбул саммити учурунда терракт уюштурууга даярданып жаткан деп шектелген топтун 25 мүчөсүн колго түшүрдү.
Полиция бүгүн тараткан билдирүүдө шектүү адамдар Бурса шаарында өткөрүлгөн атайын операция маалында кармалган деп айтылат. Алардын бардыгы “ал-Кайида” террордук уюшмасы менен байланышта турган “Ансар ал-Ислам” тобуна кирет.
Атайын иш-чаранын жүрүшүндө курал-жарак, жардыргыч зат жана согушчандарды машыктыруу боюнча көрсөтмө курал камтылган 4 миң компакт диск табылган.
Июндун этегине пландалган саммитке башка лидерлер менен катар АКШ президенти Жорж Буш да катышат деп болжолдонууда.