Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Ирак - журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө


Парижде жайгашкан “Чегарасыз кабарчылар” тобу дүйнөдөгү бир катар диктаторлорду сынга алып, туристтерди ошол өлкөлөрдөгү социалдык жана саясий кырдаал жөнүндө кабардар болууга чакырды.
Уюм Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жарыяланган баяндамасында Мьянмар, Малдив жана Сейшел аралдарында, Тунис менен Вьетнамда сөз эркиндиги деген түшүнүк таптакыр жок деп белгилейт.
Андан мурун журналисттерди коргоо комитети Ирактын журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөгө айланганын билдирген эле.
Былтыркы март айынан бери Иракта 25 кабарчы курман болгон.
Сөз эркиндигине кооп туудурган өлкөлөр арасында Ирактан тышкары Куба, Зимбабве, Түркмөнстан, Бангладеш, Кытай, Эритрея, Гаити, Иордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкеси жана Россия аталган.

XS
SM
MD
LG