Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

АКШ Грузиянын акыркы билдирүүсүн кубаттайт


ВАШИНГТОН. АКШ өкмөтү Ажариянын лидери Аслан Абашидзеден ал көзөмөлдөгөн аскердик күчтү куралсыздандырууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер журналисттерге Абашидзенин аракети Грузияда согуштук кризисти жаратышы ыктымал экенин белгиледи:

- Биз Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин күч колдонбой тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн кубаттайбыз, Ажарияда мыйзамды калыбына келтирүү үчүн экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Ошондой эле биз Ажар лидери Абашидзени күчтөрдү куралсыздандырууга чакырабыз.

“РиА новости” агенттиги Ажария парламентинин алдында төрт танк турганын маалымдады. Ажария бир күн мурун Грузиянын сунушун четке каккан.

XS
SM
MD
LG