Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Янбудагы терракт “ал-Каида” менен байланыштырылууда


КУВЕЙТ. Тактала элек божомолго караганда, Сауд Аравиясынын Янбу шаарында болгон жардырууга “ал-Каиданын” тиешеси болушу ыктымал. Мындай пикирин Сауд Аравиясынын ички иштер министри Кувейтте билдирди. Ишемби күнү Янбу порт шаарында куралчан төрт адам кеңселердин биринде ок жаадырып, натыйжада чет өлкөлүк беш, жергиликтүү бир атуул өлгөн. Бул окуядан кийин АКШ өз дипломаттарынын жолдо жүрүү багыттарын чектеген. Жергиликтүү бийлик болсо кылмышты ачуу үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG