ВАШИНГТОН. АКШ мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Орусия, Бириккен Улуттар Уюму, Евробиримдик жана АКШ бүгүн Нью-Йоркто Израил-Палестин чатагын талкууганы жатат. Бул төртүлүк АКШнын демилгеси менен түзүлгөн “тынчтык жолу картасын” ишке ашыруу милдетин алган.
Бул аралыкта Рамалахта Палестин лидери Ясир Арафат отурган кеңсени Израил аскерлери курчоого алганы кабарланды. Бирок аскерлер муну шектүү адамды издөө менен байланыштырып, Арафатка тиешеси жогун белгилешти.
Ал эми Иерусалим тараткан маалыматта Израил премьер-министрин кечээ парламент колдогону айтылат. Шаронго ишеним көрсөтүү маселеси “Ликуд” партиясы анын планын колдобой койгон соң пайда болгон. Вице-премьер Эхуд Ольмерттин айтымында, Шарон Газадан аскерлерди чыгаруу планын ишке ашыруу аракетин улантат.