Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

«Актилек» базарындагы соодагерлер облус губернаторуна арыз менен кайрылды


КАРАКОЛ. Ысыккөл губернаторуна жолдонгон арыз катка 808 адам кол койгон. "Актилек" базарында түзүлгөн демилгелүү топтун башчысы Динара Абдыкадырованын айтымында, 1-майдан баштап жер салыгы 4 пайызга өстү. Ошондой эле жергиликтүү салык буга чейин 300 сом болсо, эми ага 25 сом кошулду. "Чөнтөгү калың айрым жергиликтүү жетекчилер үчүн 25 сом же ар бирибиздин олтурган ордубузга күнүгө дагы кошулуучу 5 сом акча катары сезилбес. Ден-соолугубузга кайыл болуп, арзыбаган тыйын-тыпыр үчүн аптапта күнгө какталып, ызгаарда, суукта шөмтүрөп отурган биз үчүн ал - чоң акча. Ошондуктан жергиликтүү салыкты көтөрүүдөн мурда карапайым калктын жашоо деңгээлин кароону эстеринен чыгарышкан Каракол шаардык кеңешинин бул чечимине каршыбыз" дейт катка кол койгондордун бири.

XS
SM
MD
LG