Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

ВИЧ-инфекциясына чалдыккан дагы бир адам Баткенде катталды


БАТКЕН. Облустук СПИД борборунан 4-майда алынган маалыматка караганда, бул ооруга кабылган адам Лейлек районунан табылды. Учурда ал оорукчан менен жыныстык жактан катнашкан адамдарга текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Облус аймагында мындай коркунучтуу илдетке чалдыккан адам биринчи жолу 2001-жылы катталып, бүгүнкү күнгө дейре алардын саны 7 кишиге жетти. Бул расмий түрдө катталганы гана. Адистердин айтымында, ооруга чалдыккандардын саны мындан 10 эседей көп болушу мүмкүн. Расмий түрдө катталган оорулар облустун Кызылкыя, Сүлүктү шаарларынан жана Кадамжай, Лейлек райондорунан табылган.

XS
SM
MD
LG