БИШКЕК. 6-майда Казакстандын Алматы шаарында «Борбор Азия кызматташтыгы» аттуу уюмдун ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйыны болот. Ага курамына Кыргызстандын бир катар министрлик жетекчилери, ишкерлер кирген ири делегациясы катышат жана аны вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев баштап барат. Анда уюмга кирген төрт мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда соода, транспорт, тариф, коммуникация, информациялык технология, айыл чарба продукциясын биргелешип кайра иштетүү, суу-энергетика жаатында кызматташуу жана ага кедергисин тийгизип жаткан көрүнүштөр талкууга алынат. Жыйынга эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү да катышып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөйт. Жыйындын акырында бирдиктүү кайрылуу кабыл алынат.