БИШКЕК. ««Камбарата-1» жана «Камбарата-2» ГЭСтерин курууга катышууну сунуштап Казакстанга кайрылдык», деп билдирди бүгүн «Азаттыкка» өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов. Ал эми Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүнүн базасында акционердик коом түзүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок анда эки мамлекеттин канчадан үлүшү болоору аныктала элек, деп белгиледи Эркин Мамкулов. Эки мамлекеттин ортосунда жетишилген келишимдерди аткаруу маселесине токтолгон тышкы иштер министринин орун басары өткөн жылы президент Аскар Акаевдин Астанага жасаган сапары учурунда жетишилген келишимдер Кыргызстандын ички процедураларынан өтүп жаткандыгын билдирди. Маалым болгондой, казак өкмөтү Бишкекти айланып өтүүчү газ түтүгүн курууну баштаарын буга чейин билдирсе, Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Бишкек буга чейин жетишилген келишимдерди аткарууну аксатып жатат деген пикирин айткан эле.