Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Табигый кырсыктардын алдын алууга АКШ жардам берет


БИШКЕК. Кыргызстандагы табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн АКШ 11,5 миллион доллар берет. Мындай маалыматты бүгүн Каржы министрлиги таратты. Ал маалыматка караганда, табигый кырсыктардын алдын алууга грант берүү тууралуу жакында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө сүйлөшүүлөр болуп, анда кырсыктардын алдын алуу долбоорун ишке ашырууга 11 миллион 761 миң доллар зарыл экендиги айтылган. Анын 2 миллион 70 миң долларын кыргыз өкмөтү чыгарат. Долбоор ишке ашса Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүп, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон 20дан ашык кооптуу жерлерге байкоо салуу системасы түзүлөт. Даярдалган долбоор Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин 15-июндагы жыйынынын жактыруусуна жиберилет.

XS
SM
MD
LG