Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Укук коргоочу Будалыкка барып кайтты


БИШКЕК. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин байкоо салуу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Александр Мелешко Алай районунун Будалык айылындагы жер көчкүдөн 33 адамдын каза болгондугу үчүн жазаланууга тийиш деп бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун маалымат жыйынында билдирди. Ал жакында Булакка барып келген эле. Анын айтымында, Александр Мелешко Кайнама участкасына 5-апрелде барып, айылдын айланасын ат менен кыдырып көргөндөн кийин эч кандай коркунуч жок экендигин билдирген. Ал айыл тургундарына бүтө элек үйлөрүн куруп жашай бергиле деп кеңеш берген. Укук коргоо кыймылы ушундан улам адисти кызматтан алууну министр Темирбек Акматалиевден талап кылууда жана эгер ага жаза берилбесе сотко арыз жолдогону турат.

Укук коргоо кыймылы андан тышкары президент Аскар Акаев Кайнама айылына барганда милиционерлер айыл тургундарынын укугун бузгандыгын жарыя кылды. «Буга милиционерлердин айыл тургундарынын жолун тороп, президентке жолугууга мүмкүндүк бербей жана өз ойлорун айттырбай коюшкандыгы далил», дейт Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG