Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Өкмөт табигый кырсыктардын алдын алууга кам көрүүдө


БИШКЕК. Ушул жылдын аягына чейин табигый кырсыктар болушу мүмкүн деп эсептелген коркунучтуу аймактардан 1940 үй-бүлө башка жерге көчүрүлүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев билдирип, турак-жай куруу үчүн ылайыктуу жерди табууга жергиликтүү бийликтерди жана өкмөттүн тиешелүү мекемелерин милдеттендирди. Танаевдин айтымында, башка жерге көчүрүлө турган ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ссуда берилет жана азыр ал акчаны табуунун жолдору иликтенип жатат. Ал эми айыл, суу чарба министри Александр Костюк жер астынан чыккан суу айдоо аянттарын бузуп, андан тармак 80 миллион сомдук зыян тарткандыгын кабарлады. Өкмөт жыйынында жер астынан чыккан суулардын деңгээлин азайтуу үчүн Улуттук илимдер академиясынын суу боюнча илим изилдөө институту менен бирге иш алып баруу милдети алдыга коюлду.

XS
SM
MD
LG