Жыйынга чыккандар ажар лидери Аслан Абашидзенин кызматтан кетишин талап кылышкан эле. Демонстрацияга катышкандардын бири полиция адамдарды союл менен токмоктоп, андан соң оппозициялык кыймылдын кеңсесин да таш-талканын чыгара талкалап салганын билдирди. Ажарияда кечээтен тартып чукул режим күчөтүлдү. Грузин президенти Михаил Саакашвили автономиядагы аскерлештирилген топторду куралсыздандырууга он күндүк мөөнөт берген эле. Абашидзе бул талапты четке какты. Грузин парламенти бүгүн Абашидзенин кызматтан кетишин талап кылган резолюция кабыл алып, 12-майга чейин мөөнөт берди. Эгер талап аткарылбаса, автономиянын парламенти таркатылып, жаңы шайлоо өткөрүлөт.