Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Иракта Нажафта жана Кербалада уруштар жүрүп жатат


Коалициянын аскерлерине шийиттердин радикал лидери имам Моктада ал-Садрдын кошуундары каршылык көрсөтүүдө. Ал эми Фаллужада бүгүн абал кыйла тынч. Айрым маалыматтарга караганда, Фаллужаны көзөмөлдөөчү ирак кошуундарынын колбашчылыгына америкалыктар генерал Мохаммад Латифти дайындаганы жатышат. Фаллужаны коргоо армиясы деп аталган бригада, Латифтин айтымында, бейтарап кошуун эмес, ал шаардык коомчулуктун бир бөлүгү жана бул жерде аялдарды, бала-бакыраны коргойт. Генерал Латиф учурунда Саддам Хуссейндин режимине каршы чыккан аскери төбөлдөрдүн бири болгон. Кечээ Нажафтагы кагылыштарда америкалык бир солдат окко учту, мындан тышкары Багдадга чукул жерде да америкалык төрт жоокер набыт болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG