Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Саакашвили күч бийлигин Абашидзеге баш ийбөөгө чакырды


ТБИЛИСИ. Грузия президенти Михаил Саакашвили Ажарияда чукул кырдаал орногондугуна байланыштуу телеберүү аркылуу Ажариянын күч бийлигине кайрылды:

- Мен Ажардын куралдуу күчтөрүнүн жана полициянын өкүлдөрүнө кайрылгым келет: Аслан Абашидзенин өзгөчө кырдаал киргизүүгө байланышкан тапшырмаларын аткарбагыла. Бул чукул кырдаал мыйзамсыз, ошондуктан, мындай буйрукту аткарыштын кереги жок.

Мындай чакырык Батумиде нааразылык акциясы таркатылгандан кийин жасалды: Оппозиция Абашидзенин кызматтан кетишин талап кылууда.
Абашидзе мындан мурдараак Тбилисинин куралсыздануу талабын жокко чыгарган. Саакашвили учурда Абашидзе менен сүйлөшүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG