ВАШИНГТОН. Ирактык айыпкерлерге кыянатчылык кылган АКШ аскерлерин жоопко тартуу үчүн Пентагон бардык аракеттерди жасайт. Кечээ коргоо министри Доналд Рамсфелд ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында “Аскердик жүрүм-турум кодексин бузуп, Америка элинин ишенимин саткандарды териштирүү жүрүп жатат”.
Буга чейин АКШ Конгресси окуя боюнча иликтөө иштери жай жүрүп жатат деп, министрликти сынга алган. Сенаторлор Ирак түрмөсүндөгү окуя боюнча чукул арада маалымат берүүнү талап кылууда. Рамсфелддин айтымында, бул ишти далилдөө үчүн убакыт керек.