БАТКЕН. Облустун беш жылдык мааракесин өткөрүү боюнча облус акимчилиги атайын токтом кабыл алып, уюштуруу тобу түзүлдү. Маараке Баткен облусун түзүү жөнүндө өлкө башчысынын жарлыгы чыккан күнү 13-октябрда зор салтанат менен белгиленет. Ага дейре облус борборунун көчөлөрүн оңдоп-түзөө, шаар калкын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруу болжолдонууда. Ошондой эле облустун символикалык белгилери үчүн кароо-сынактар жарыяланды. Мындан сырткары бул мааракенин алкагында түрдүү маданий иш-чаралар да өткөрүлөт.
Облустун түзүлгөн күнүнө арналган маараке Баткен облусунда жыл сайын белгиленип келүүдө. Маселен 2000-жылы облус түзүлгөнүнүн бир жылдыгы, андан соң 2, 3, 4 жылдык мааракелер салтанат менен белгиленип, алардын айрымдарына өлкө башчысы Аскар Акаев катышкан.