КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Түп районундагы "Корумду майыптар коломтосу" коомунун мүчөлөрү, республиканын акыйкатчысы Турсубай Бакир уулуна кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу маалыматты 5-майда аталган коомдун төрагасы Дүйшөнбеков билдирди. Анын айтымында коомдун 50 мүчөсү президентке, өкмөткө, облус жетекчилерине бир нече жолу арыз менен кайрылышкан. Бирок ал арыздар колдон-колго өтүп, акырында эч натыйжасыз калган. "
Он бир жылдан бери 5-май Конституция күнү катары майрамдалууда. Биринчи, экинчи топтогу майып аталып, жарым жан болсок да конституциялык укугубуздан пайдалангыбыз келет. Арзыбаган пенсиябыз, пособиебиз күнүмдүк турмушубузга өп-чап жетет. Үлүшкө тийген 15 гектар жерибиздин быйыл 7 гектарын айдоого каражат таптык. Бирок буудайыбыз себилбей турат. Себели десек Талдысуу айыл өкмөтү ага уруксат бербей жатат. Ошондуктан акыйкат издеп, акыйкатчыга кайрылдык", дейт Дүйшөнбеков.