БИШКЕК. Соңку үч жылда Кыргызстанда СПИД илдетине чалдыккан атуулдардын саны кескин жогорулоодо. Маселен, 1987-жылдан 2000-жылга чейин Кыргызстанда СПИД илдетине чалдыккан 53 адам катталса, 2001-жылдан 2003-жылга чейинки аралыкта мындай адамдардын саны 441 адамга жеткен. Ал эми 2004-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда СПИД илдетине чалдыккан 534 адам катталган. Көз каранды эмес эксперттердин айтымында Кыргызстанда мындай илдетке чалдыккан адамдардын саны ырасмий маалыматтан он эсе көп болушу ыктымал. Мындай маалымат республикалык СПИД бирикмесинен алынды.