БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Каржы министрлигинин киреше комитети тарабынан 2 миллиард 980 миллион сом жыйналган. Бул өткөн жылга салыштырганда 626 миллион сомго көп. Анын ичинде салык кызматы 1 миллиард 686 миллион, бажы кызматы бир миллиард 297 миллион сом жыйнаган. Мындай каражаттын 44% кошумча нарк салыгынан, 12% жеке адамдын кирешесинен алынуучу салыктан, 10% ишканалардан алынган салыктан, 10% акциз салыгынан топтолгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.