Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Билим берүү министрлиги окуу китептерин жазууга конкурс жарыялады


БИШКЕК. Билим берүү министрлиги орус жана өзбек тилдеринде окуу китептерин жазууга конкурс жарыялады. Министрликтен алынган маалыматка караганда окуу китептердин жетишсиздигинен улам азыр мектептерде Орусия менен Өзбекстандан алынып келген окуу китептери колдонулууда. Өзбекстан латын арибине өткөндөн кийин Кыргызстанга бул өлкөдөн өзбек тилиндеги окуу китептери алынып келинген. Бирок ал окуу китептери Өзбекстан - келечеги кең мамлекет деген өңдүү шаңдуу идеяларга сугарылган. Билим берүү министрлиги билдиргенге караганда болочок муунду Кыргызстандын патриоту кылып тарбиялоо үчүн жаңы окуу китептерин чыгаруу зарыл.

Конкурста тандалган окуу китептер Дүйнөлүк банктын окуу китептер боюнча 7 миллион долларлык долбоорунун алкагында чыгарылат.

XS
SM
MD
LG