Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Иракта абактагылардын урук-туугандары демонстрация өткөрүштү


Багдаддын жанындагы "Абу Граиб" түрмөсүндө азыр 3800дөй киши кармалып турат. Кечээ АКШнын коргонуу департаменти Иракта жана Ооганстанда америкалык аскерлердин кайтаруусундагы түрмөлөрдө 25 киши каза тапканын маалымдаган.

Ирак түрмөлөрүнүн америкалык башкаруучусу кечээ реформа планын жарыялады. Генерал-майор Жефри Миллер мындан ары ирактык айыпкерлердин башына баштык кийгизилбейт, анын ордуна көздөрү байланып, же көз айнек тагылат деди. Ал ошондой эле сурак жүргүзүүнүн уйкудан калтыруу, ыңгайсыз абалда отургузуп, же тургузуп кою сыяктуу ыкмалары мындан ары жогору жактан жактырылышы керек экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG