Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

7-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү! Синоптиктердин маалыматына караганда май айынын 7-10 чейин Жалалабад, Ош, Баткен облустарында дарыя-өзөн суулары толуп, агымы артып, ташкындайт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

7-майда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт.
ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25 градуска жетет.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градустун айланасында.
БИШКЕКТЕ өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус жылуу болот

Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG