Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Аксы районунда Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитетинин көчмө отуруму болот


БИШКЕК. 12-майда Аксы районунун борбору Кербен айылында Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин көчмө жыйыны өтмөкчү. Анда өлкөнүн түштүгүндөгү кыргыз-өзбек чегарасы боюнча маселелер талкууланат. Жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, эларалык, бейөкмөт уюмдардын, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнөн кабарлашты.
Эскерте кетүүчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде Аксы районунун Кербен айыл өкмөтүндө чегара маселеси боюнча кыргыз өзбек атуулдарынын кагылышуусу болуп, жаатташкан тараптар эки өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнөн кийин тарашкан.

XS
SM
MD
LG