БИШКЕК. Кечээ (5-май - шаршемби күнү) кечинде Бишкектеги Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде ички иштер министрлигинин кызмат абалынан кыянат пайдаланып жасаган кылмышка каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Чыныбек Алиевди белгисиз бирөөлөр «Калашников» үлгүсүндөгү автомат менен атып кетишти. Ч.Алиев окуя болгон жерде каза тапкан. Анын денесине 17 ок тийген.
Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ок аткандар изделип жатат. Тиешелүү бийлик органдары түрдүү божомолдорду айтышууда. Шектелгендер бар. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, «Чыныбек Алиев кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан өлтүрүлдү» деген жоромол чындыкка жакын.
Расмий маалыматтар боюнча, соңку эки айдын ичинде Кыргызстанда бирөөлөрдүн тапшырмасы менен сегиз адам (Ч. Алиевди кошкондо) атып өлтүрүлдү.