Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Пикассонун сүрөтү жомоктогудай баага сатылды


НЬЮ-ЙОРК. Пабло Пикассонун “Мүштөк кармаган жигит” аттуу 1905-жылы тарткан сүрөтү Лондондогу “Сотбис” аукционунда 104 миллион долларга сатылды. Аукцион соодасынын тарыхында буга чейин бир да чыгарма мынчалык баага сатыла элек болчу. 1990-жылы Винсент Ван Гогдун “Доктор Гашенин портрети” аттуу картинасы рекорд койгон. Бирок, ал 82,5 миллион долларга сатылган эле.


Дүйнөлүк кабарлардын кечки топтомун даярдаган – Бурулкан Турдубек кызы, Прага шаары.

XS
SM
MD
LG