Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Иракта эки жардыруу катталды


БАГДАД. Бүгүн эртең менен Иракта автоунаанын жардырылышынан улам ирактык жана америкалык алты киши өлүп, 19 киши жараат алды. Бомба АКШ-Британия штаб кеңсесине жакын жерде жарылды. Ага удаа эле Багдадда дагы бир жардыруу болуп, андан бир киши жабыркады. АКШ аскеринин өкүлү полковник Жон Муррейдин айтымында, бул чабуул жанкечтинин колунан келди.
Бүгүн БУУнун өкүлү Лахдар Брахими Иракка барды. Ал 30-июнга белгиленип жаткан Ирактагы бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

XS
SM
MD
LG