БАТУМИ. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөнү бириктирүү жараяны башталганын жарыялады. Премьер министр Жваниянын айтымында, жергиликтүү күч бийлиги куралын өз каалоосу менен өткөрүп берди. Коргоо министрлигинин баш ийүүнү каалабаган 25-бригадасынын командири Роман Думбадзе колго түштү. Саакашвили Батумиде Аслан Абашидзени диктатор катары сыпаттады:
- Бул жерде диктатура бар болчу. Чынында эле кичинекей Саддам Хусейн сыяктуу (чыныгы диктатуранын белгилерин эске алып атам) бул киши элди эзип келген.
Буга чейин Саакашвили ажариялыктарды куттуктаган. ИТАР ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Аслан Абашидзе учурда Орусияда баш калкалап турат. Грузияда кечээ лидери кызматынан кетүүгө аргасыз болгон Ажариядан тышкары Абхазия менен Түштүк Осетия өз алдынча автономияга ээ.