Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

8-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 8-майда күндүз республиканын айрым аймактарында, түнкүсүн көпчүлүк жерлерде жаан-чачын болуп, тоолорго кар түшүшү күтүлөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД, облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 градус.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градуска чейин жылыйт.
НАРЫНДА түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22 градус болот.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 градустун айланасында.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу.

Жаңылыктар топтомун даярдаган Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG