БИШКЕК. Быйыл Кыргызстандын дыйкандары картөшкө, төө буурчакты чектен тышкары айдап-себүүгө барбасын. Анткени айыл чарба продукцияларын өткөрүүдө быйыл дагы оор кырдал түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өткөн жылы Ысыккөл аймагында картөшкө көп айдап-себилип, күзүндө түшүмдү сатуу жана кайра иштетүүдө кыйынчылыктар түзүлүп, көптөгөн дыйкандар чыгашага учраган. Былтыр республиканын аймагында 82 миң гектар картөшкө айдалса, быйыл 62 миң гектарга картөшкөнү айдап себүү каралууда. Ал эми Талас облусунда 16 миң гектардын ордуна 12 миң гектарга төө буурчак айдап себүү сунуш кылынууда.