Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Майлысуу шаарынын мурдагы жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши козголду


ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратуранын маалыматы боюнча, Майлысуу шаардык соту шаар мэри Абдыназар Шерматовду Кылмыш кодексинин 316-беренеси менен күнөлүү деп тапты. Ал "Суу-канал" ишканасы жетекчиси экөө оорулардын чыгымын төлөөгө милдеттендирилди. Кызматына шалаакылык кылган деп айтылган Шерматов 3 жылга эркинен ажыратылып, бирок президенттин мунапыс жөнүндөгү жарлыгына ылайык жаза өтөө мөөнөтүнөн бошотулду. Шаар башчы айып туура эместигин жана аны мойнуна албай тургандыгын, Майлысуу дарыясынан аккан булганыч суулардан 132 адамдын ичкелте кеселине чалдыгышында башка адамдар жооптуу экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG