Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Тажикистанда машыгуулар өтүүдө

БИШКЕК. Тажикстанда Орусия, АКШ, Казакстан жана Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин оперативдик топтору машыгуу өткөрүүдө. Анда кырсыктардын алдын-алуу, алардын кесепеттерин жоюу жана жабырлануучуларга жардам берүүгө даярдыктар сыналууда. Кыргызстандан Баткен дубанынын Граждандык коргонуу штабынын өкүлдөрү, министрликтин мониторинг департаментинин жана эларалык - бөлүмүнүн адистери катышууда. Машыгуунун эң башкы максаты жер титирөөдө же башка чоң масштабдагы кырсык болсо коңшу мамлекеттердин бирдиктүү оперативдик иш-аракеттерин жолго коюу.
Мындай маалымат Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.
XS
SM
MD
LG