БИШКЕК. Ганси атындагы аскердик база Кыргызстан берген 300 гектар жерди пайдалануудан баш тартты. Бирок ал жерди ижарага алуу боюнча Кыргызстан тарап менен кол коюлган келишим күчүндө калат. Бул деген 300 гектар жерден таптакыр баш тартуу дегендикке жатпайт. Мындай маалыматты Ганси атындагы авиабазадан 7-май күнү "Азаттыкка" билдиришти. Америкалык куралдуу күчтөр "Манас" аба майданына жакын аймакта курулуш иштерин баштады. Ал эми Кыргызстан сунуш кылган 300 гектар жерге аскерлер үчүн жатак имараттарды куруу оюнан баш тартууга кандай жагдайлар себеп болгону белгисиз. Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси, капитан Майкл Жонсон жакынкы күндөрдө боло турган маалымат жыйынында баары белгилүү болоорун кабарлады.