Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Аба ырайы будалыктыктар үчүн үй курууга тоскоол болууда


ОШ. Аба ырайынын бузулушу Будалыктан Мадыга көчкүдөн жапа чеккендерди көчүрүп келүү ишин убактылуу токтотту. Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнөн жер көчкү кыйраканына байланыштуу көчүрүп келүүгө аргасыз болгон 53 үй-бүлөнү Экология жаан күтүүсүз кырдаалдар министрлиги автоунаалардын колоннасы менен үй салыш үчүн жер берилген Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кызылтал участкасына чогу көчүрүп келмек болгон. Аба ырайын алдын ала билүүчү борбордун эскертүүсүнөн улам бул иш-чара 12-майга чейин токтотулду. Жамгыр тынымсыз жаап жатат. Айыл-кыштактарга жер көчкүдөн, селден сактануу жагы эскертилүүдө. Бирок буга чейин Будалыктан Мады айыл өкмөтүнө, Кызылтал участкасындагы тигилип коюлган чатырларга 20 үй-бүлө өздөрү уюштарган транспорттор менен көчүп келип, үй куруу иштерин баштап калышкан эле. Алар жаанда чатырларда аргасыз жашап жатышат. Көчө электер Будалыкта туугандарыныкында. Айрымдарынын үйлөрү жер көчкү астында калган, айрымдарынын үйлөрү толук бузулуп, курулуш материалдары чыгарылып алынган.

XS
SM
MD
LG