Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Улуу атамекендик согуштун ардагерлерине сыйлык берилет


БИШКЕК. 1941-1945-жылдагы Улуу атамекендик согуштун катышуучуларына жана тылда эмгектенген ардагерлерге социалдык жактан кошумча жардам көрсөтүү жөнүндө президенттин жарлыгы 5-майда чыкты. Ага ылайык экинчи дүйнөлүк согушка катышып жаракат алып, майып болгондор 2000 сом, согушка катышкандарга 1500 сом, майданда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 1000 сом, согуш мезгилинде тылда эмгектенип, совет биримдигинин орден медалдарын алган ардагерлерге 1000 сом, Ленинград курчоосунда ишкана, өнөржайларда иштеген, “Курчоодогу Ленинграддын тургуну жана шаарды коргоого катышкан” деген медалы бар ардагерлерге 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар берилет. Аталган жарлык Улуу жеңиштин 59 жылдыгына карата чыгарылды.

XS
SM
MD
LG