Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Израилдин авиациясы абадан сокку урду


Израилдин аскерий авиациясы радикал "Хезболла" уюмунун лагерлери жайгашкан деп шектелген Ливандын түштүк тарабына абадан сокку урду. "Хезболланын" козголоңчулары да жерден Израилдин учактарын көздөй ракеталарды жаадырды. Аталган аймакта куралдуу кагылышуулар уланып жатканы кабарланууда. Тель-Авив бир жөөт аскери набыт болгонун ырастады. Башка кабарлар боюнча, Израил армиясы бүгүн Палестин аймактарында эки согушкерди атып өлтүрдү. Палестин өкмөтүнүн басма сөз кызматы премьер-министр Ахмед Куреи 17-майда Берлинде АКШнын коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугуша турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG