Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Иракта салгылаштар уланууда


Ирактык радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садр Нажаф шаарынын четиндеги Куфа мечитинде бүгүн жума намаз өткөрүп, чогулгандарга кайрылды. Өз сөзүндө ал "америкалыктар эртеби-кечпи Ирактан кетүүгө аргасыз болушат" деп белгиледи.

Кербаладагы кагылышуулар маалында америкалык аскерлер шийилердин Мехди армиясынын 8 согушкерин атып өлтүрүп, дагы ондон ашуун адамды жарадар кылышты. Өткөн түнкү салгылаштарда Нажаф шаарында жардырылган үйдө алты киши набыт болгону маалымдалды. Бүгүн Багдаддын түштүк тарабында польшалык жана алжирлик эки журналист белгисиз адамдардын огунан курман болушту, аларды коштоп жүргөн оператор жараат алды.

Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд бүгүн кечинде Конгрессте Ирактагы туткундарды кордоо фактылары боюнча көрсөтмө берет.

XS
SM
MD
LG