Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Аксы районунда кооптуу жерлерден үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө


БИШКЕК. Жалалабат облусуна караштуу Аксы районундагы жер көчкү болушу ыктымал жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү иштери улантылууда. Аксы районунун акими Абдималик Эгембердиев бүгүн «Азаттыкка» маалымдагандай, райондо жер көчкү коркунучу Кызылтуу, Карасуу, Аксуу, Авлетим, Акжол жана Кашкасуу айыл өкмөттөрүндө бар. Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин адистери тарабынан чыгарылган чечимге ылайык, соңку күндөрү аталган айыл өкмөттөрүнөн жалпысынан 28 үй-бүлө көчүрүлдү. Аларга министрлик тарабынан 30 чатыр бөлүнүп берилди. Учурда райондук администрация көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө жер бөлүштүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал эми аларга турак-жай куруу үчүн ссудаларды бөлүү маселеси өкмөт тарабынан жакында каралышы күтүлүүдө. Райондо жер көчкү коркунучу бар деп эсептелген жерлерден 53 үй-бүлө көчүрүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG